Ош пресс-клубу

Лекция: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу

IMG_4714

“Журналисттер»  коомдук бирикмесинин  Оштогу бөлүмүнүн  пресс-клубунда «Милдеттүү  медициналык камсыздандыруу деген  эмне?»  деген темада  лекция болуп өттү. Лекцияны Милдеттүү медициналык камсыздандыруу  фондунун Ош аймактык башкармалыгынын  директорунун орун басары  Дамира Турсунбекова  өттү. Лекцияда  Дамира Турсунбекова  Милдеттүү  медициналык камсыздандыруу, андан кимдер пайдалана алышат, ар бир жаранга  канча сомдук  дары-дармек  фонд тарабынан бөлүнөт, ооруканаларда дарылануу үчүн  канча сомдук дары-дармек бөлүнөт, бул  фондго  каражат кайсыл жактан түшөт, бюджет тарабынан  калктын кайсыл катмары  камсыздалган.  Патентке  төлөө  менен  Кыргыз Республикасынын  атуулу  медициналык жактан  камсыздалган  болобу, жеңилдиктерден  кимдер пайдалана алышат,  жана башка ушул  сыяктуу  көп  жагдайларды  айтып берди. Журналисттер мектеп окуучуларына  кандай жеңилдиктер берилгенине,  пенсия жашындагылар,  майыптар,  кош бойлуу  аялдардын  дарылануусу,  көп убакыт дарыланган сыркоолордун, студенттердин  дарылануусу боюнча көптөгөн  суроолорго жооп ала алышты. Журналисттерди  кошумча төлөө, оорулуулардын  тамак-ашы,  операция учурундагы  наркозго,  операцияга  оорулуулар төлөшөбү  деген сыяктуу  көптөгөн  суроолор кызыктырды. Лекция абдан кызыктуу өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *