Ош пресс-клубу

“Ошпиримдеги” жолугушуу

IMG_4758

IMG_4774

21-февраль күнү  «Ош пирим»  теле  компаниясынын  эмгек жамааты менен «Жур-налисттер»  коомдук бирикмесинин  Оштогу бөлүмүнүн  юристи  Айгүл Матиева жана  координатору Жыпар Акунова  жолугушту. Жолугушууда  аталган теле компаниянын  кызматкерлери  журналисттердин укуктарына жана мыйзамга,  журналисттердин  этикалык кодексине байланышкан бир катар суроолорго  жооп алышты. Журналисттер  өздөрүнүн  кызматтык  милдеттерине байланышкан  көп суроолорду узатышты. Жакында эфирге  чыккан  репортаждын  айланасындагы  талаш-тартыш  маселенин тегерегиндеги суроого журналисттер  кайра-кайра кайрылышты. Журналисттердин укугу тебеленип жатканына  токтолушту. Журналисттер мындай жагдайда юридикалык маалымдуулукка  муктаж экендиктерин белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *