Ош пресс-клубу

Кайыр кош, Орозалы!

10659282_781137275305975_4812598706306767546_n

Кесиптешибиз, «Аймак» гезитинин башкы редактору, белгилүү  журналист  Орозалы Карасартов  бул  жарыкчылык менен кош айтышты. Көп жылдардан бери ээрчиген ооруга моюн бербей, «Аймак» гезитин түптөп, «Aimak.kg» сайтын  негиздеп, «Кыргыз туусу» менен , өзү  айтмакчы  көпчүлүк басылмалар менен иштешип, курч, курч макалаларды жазып, окурмандардын бүйрүн кызытып, көп көйгөйлүү  маселелердин чечилишине көмөкчү болуп келген  угуттуу журналисттерибиздин биринен айрылдык. Жаткан жериң жайлуу болсун, кайыр кош Орозалы!

Эми үй бүлөсүнө, балдарына көңүл айтып, кайгыларын бөлүшкөндөн башка колубуздан эмне келет?

   Орозалы Карасартов 1964-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, Кыргыз радиосунда, «Кыргыз Туусу» гезитинде, «Кабар» маалымат агенттигинде иштеп, көп жыл Жалал-Абад облусунун  губернаторунун  басма сөз катчысы  болуп эмгектенген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *