Ош пресс-клубу

Балдарыбыз билим алууга кызыгышпайт- десек жаңылабыз ,-деди К. Кимсанов

11126934_1621236498096439_8717937105689728649_n

27-март күнү «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу  пресс-клубунда  «Балдарыбыз эмне үчүн билим алууга кызыгышпайт?» деген темада лекция болуп өттү. Лекцияга Ош шаардык билим берүү башкармасынын начальниги Куштарбек Кимсанов  чакырылды. Кимсанов Ош шаарында бардыгы 63 мектеп бар экенин,  ал мектептерде 56 миң 384 окуучу билим алып жатканын, ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 54 мектепте 53 миң 309 бала окуй турганына токтолду. Ал ошондой эле Ош шаарында билим берүү жакшы дэңгээлде уюшулганын белгилеп, шаардын мектеп окуучулары Эл аралык олимпиадаларда, республикалык олимпиадаларда жеңүүчү болуп кайтканын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жылда кызыктыруучу сыйлыктар менен  сыйлана турганына дагы токтолду.

Журналисттер мектептерде мугалимдер жетиштүүбү, китептер жетеби, туугандарына калтырылган мигранттардын балдарынын так эсеби барбы,  компьютер оюндары балдардын терең билим алуусуна тоскоол болуудабы,- деген сыяктуу өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алалышты. «Мектеп окуучуларынын китеп окууга кызыкпагандыгы  эмне себептен?»  деген суроо  кеңири талкууга алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *