Ош пресс-клубу

“Журналисттердин этикасы”  

14-мартIMG_4984

күнү  “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Түштүк бѳлүмүндѳгү  «Ош пресс-клубунда»  “ Журналисттердин этикасы”   темасына  арналган журналисттер үчүн  тренинг болуп  өттү.   Тренингди  юрист  Айгүл Матиева алып барды. Тренинг учурунда журналисттер журналисттердин  укуктары, журналисттердин этикалык кодекси, аналитикалык макалаларды жазууда, журналисттик иликтөөлөр учурунда  журналисттер  кандай  кемчиликтерге жол бериши мүмкүн, өтө  чуулгандуу  макалаларды жазууда  журналист кайсыл эрежелерди карманышы керек, балдар темасын чагылдыруунун эрежелери, соттук  иштерди чагылдыруу эрежелери, журналисттик салыштыруулар, бирөөнүн аброюна шек келтирбеш үчүн кандай эрежелерди кармануу зарыл  сыяктуу  журналисттик иштеги  негизги  эрежелерге кызыгышты. Жаш журналисттер ошондой эле  этикалык кодекстин сакталышы  боюнча  бир катар суроолорго жооп алышты. Пресс-клубду  жаш журналисттер менен  улуу  муундагы журналисттер  кезиге ала  турган  клубга айландырса болобу, журналисттерге  укуктук  тренингдер  дайыма  өтүлсө, -деген  көптөгөн суроолорду узатышты.

 

Tagged on:

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *