Ош пресс-клубу

Пресс-клуб жүргүзгөн сурамжылоонун айрым жыйынтыктары

opros

“Журналисттер” КБнын Ош шаарындагы кеңсесинде өткөрүлө турган окутуулардын жана дарстардын темасын аныктоо максатында июль айында оштук журналисттердин арасында атайы сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Бул сурамжылоого 59 журналист катышты.

Ылдыйда анын айрым жыйынтыктары.

 

1. Сурамжылангандардын катарында журналистика менен алектенгендердин  алды 37 жыл, арты 2-3 ай болгон.

 

2. Журналисттик кесиптеги кайсы бир жанрлар боюнча тренингдерге катышкысы келгендер:

– жаңылык-15

– интервью-12

– аналитикалык макала-8

– журналисттик иликтөө – 34

– башка (режиссердук чеберчилик) – 2

 

3. ЖМКнын кайсы түрү боюнча окутуулар керек?

– гезит – 11

– телеберүү – 34

– радио – 6

– интернет-басылма – 14

 

4. Журналисттик кесипке байланыштуу кандай өнөргө үйрөнгүңүз келет?

– фотосүрөт тартуу жана аны иштетүү – 7

– интернет менен иштөө – 10

– блогду алып баруу – 8

– социалдык тармактарда иш алып баруу – 9

– гезитти жасалгалоо – 10

– үн, видеону жаздыруу жана аларды иштетүү – 16

– башка (реалити шоу жана ток шоуну алып баруу) – 2

 

5. Кандай юридикалык окутуулар сизге керек?

– маалыматка жетүү – 7

– журналисттердин укуктары жана милдеттери – 20

– эмгек укуктары – 7

– мамлекеттик жана башка сырлар – 20

– журналисттик этика – 10

 

6. Кайсы тармак боюнча билимиңерди тереңдеткиңер келет?

– экономикалык журналистика – 11

– соттук журналистика – 8

– социалдык журналистика – 21

– саясий журналистика – 11

– диний журналистика – 7

– башка (журналисттерге англис тили окутулса) – 10 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *