Ош пресс-клубу

Кыш босогодо, газ жок, даярдык кандай?

IMG_4427

IMG_4428

Ош шаарындагы  «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин  «Ош пресс-клубунда»    «Ош шаарындагы   кышка  даярдык»   боюнча   Ош шаардык  мэриясынын  шаардык чарба жана транспорт  бѳлүмүнүн  башчысы  Уралы Романов, «Ош РЭСинин»  жетекчиси  Сыдыков Данияр,  «Энерго  сбыттын» жетекчиси  Таштанбек  Полотбеков, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасынын  жетекчиси Эркин Аралиев,  Ош шаардык  жылуулук  энергия  менен камсыздоо  борборунун директорунун орун басары Абдашым Түркменов,  Жылуулук менен камсыздоо  муниципалдык  ишканасынын директорунун  орун басары  Беделбай Кадырбердиев  менен  журналисттердин жолугушуусу болуп ѳттү. Жолугушууда   Уралы Романов  Ош шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан   кышка даярдык  иштери  боюнча  кеңири маалымат берди.

                                                                               IMG_4420

IMG_4422

IMG_4418

Бүгүнкү күндѳ Ош шаарына  жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлор алынып келинүүдѳ. Мындан сырткары  ЖЭБ(ТЭЦ)  ишканасы  шаардык мэриясынын 30-май күндѳгү 91-токтомунда бекитилген иш чаралардын   80%ын  аткаргандыгын маалымдады.   КР Ѳкмѳтүнүн 333-б  буйругуна  ылайык  шаардагы 23 жатакананын жылытуу системасын борбордук жылытуу  системасна  туташтыруу боюнча  жана калктын социалдык коргоого муктаж катмары үчүн газ баллондорун жана электр плиталарын алып берүү боюнча  иш жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.  «Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасынын 9 отказанын заманбап, натыйжалуу отказандарга алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ. Бүгүнкү күндѳ «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканаснын 58 отканасынын 43 отканасы жылытуу мезгилине даяр. КР Ѳкмѳтүнүн 8-майдагы 250 токтомуна ылайык кѳмүр даярдоо  планы 24494 тонна болсо, бүгүнкү күндѳ анын 18961,5 тоннасы  даярдалды,-деди ал ѳз сѳзүндѳ.

Жолугушууда журналисттер  кышка даярдык боюнча  ѳздѳрүн кызыктырган суроолорду узатышып, жооп алышты. –Свет үнѳмдѳлѳт, ѳчүрүүлѳр болот деп атасыздар дагы,  ал эми шаар тургундарына  жылыткыч плиталарды берип атасыздар, свет жок болсо, плитанын  эмне кереги бар, элге   шаардык  мэрия аркылуу  арзан баада сатылып жаткан  кѳмүрдүн  сапаты текшерилеби,-  деген  суроолор болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *