Ош пресс-клубу

Кызыктуу ѳткѳн тренинг

IMG_4495

18-октябрда  “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Түштүк бѳлүмүндѳгү  «Ош пресс-клубунда»  «Теле журналистикада маек куруу ”  темасына  арналган журналисттер үчүн 1 күндүк тренинг болуп ѳттү.   Тренингди белгилүү  журналист Элима Жапарова  алып барды. Тренингдин катышуучулары  Маек курууга даярдануу,  суроо берүүнүн эрежелери, ачык, жабык суроолорду берүү, суроолордун актуалдуулугу, маектешти капыстан маекке тартуу, күтүлбѳгѳн суроолор, ыңгайсыз суроолор  сыяктуу  маек алуунун  бир катар эрежелери менен таанышышты. Жаш журналисттер ѳздѳрүн кызыктырган суроолорго  жооп алып, маек алууда журналист  оператордун  кайсыл тарабында туруш керек, микрофон  кайсы колунда болуш керек,  маек котормочу аркылуу алынса  котормочунун  үнү  берилиш керекпи  деген сыяктуу суроолорго да жооп  ала алышты.  Журналисттер тренингдин кызыктуу жана пайдалуу ѳткѳнүн белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *