Ош пресс-клубу

Шайлоо боюнча мыйзамдарга журналисттер өзгөчө кызыгышты

IMG_4658

2015-жылдын  17-январында  “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Түштүк бөлүмүнүн  “Ош пресс-клубунун” демилгеси менен   “2015 –жылда өтө  турган шайлоо, ага   даярдык,  шайлоо боюнча мыйзамдар, шайлоону чагылдыруудагы  ЖМКлардын  ролу”  тууралуу  журналисттер үчүн  лекция  өттү. Лекцияны  “Адам укугу  демократиялык борбору”  Коомдук Фондунун төрагасы  Ыдрыс Кубатов  өттү.  Катышуучулар  Шайлоонун өтүшү, шайланууга кимдер укуктуу,  электрондук урналар,  биометрикалык маалыматтар,  шайлоонун  жол-жобосу, шайлоо  боюнча Мыйзам  тууралуу кеңири маалымат алышты.  Шайлоо  боюнча Мыйзамдар, шайлоону чагылдыруунун жол-жобосу журналисттер арасында кызыгууну туудурду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *