Ош пресс-клубу

Тренинг: Маалыматка жетүү

IMG_4707

24-январь күнү  «Журналисттер» коомдук бирикмесинин  Оштогу  бөлүмүнүн  пресс-клубунда  «Маалыматка жетүү»  темасында тренинг болуп өттү. Тренингди  юрист  Айгүл Матиева өттү. Тренингде   журналисттер  маалымат алуунун  жол-жоболорун үйрөнүштү.  Тренер  эгер  кайсы бир   жетекчи  журналисттерге  маалымат бергенден  баш тартса  журналист  ал маалыматты алуу үчүн кандай  чара  көрүүгө  укугу  бар экенин  түшүндүрүп берди. Ал тургай журналисттер  өздөрүнүн  жетекчилеринин  атынан  ФОМСтун  жетекчилигине  милдеттүү  медициналык камсыздандыруу  тарабынан  ар бир оорулууга  канча  сомдук  дары-дармек  каралгандыгы тууралуу  маалымат берүү  өтүнүчү  менен  «Өтүнүч  кат»  жазып көрүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *