Ош пресс-клубу

Алыкулга арналган илимий конференция

IMG_4801

IMG_4784

IMG_4801

IMG_4799

Оштогу мамлекетттик юридикалык институтунда дүйнөлүк эне  тил күнү  жана  Алыкулдун  100 жылдыгына карата  илимий конференция   болуп өттү. «Алыкул — кыргыз жылдызы» деген аталышта уюштурулган бул илимий конференцияга  институттун  окутуучулары, студенттери жана акындар Тазагүл Закирова, Жыпар Акунова,  төкмө акын  Шамырбек Тургунбаев  катышты.

Жолугушууда  белгилүү  акын  Тазагүл Закирова  кыргыздын  залкар акыны Алыкул Осмоновдун өмүрү  жана чыгармачылыгы  боюнча  кеңири  маалымат берип, ырларындагы лирикасына басым жасап, анын ырларынын кайталангыс  тематикалык мазмундуулугун баяндап,Алыкулдун ырларынан, өзүнүн  акынга арналган ырларынан  окуп берди. Жыйында аталган институттун  ректору  Эгемберди Токторов, Алыкул Осмоновдун чыгармачылык жолу боюнча доклад жасаган  проректор  Байболот Абытов, кафедра башчысы Төрөбай Насыров, окутуучу Абдыганы Алибаев акындын тематикага бай, мазмундуу ырларында терең тарбиялык маани бар экендигин белгилешип, ырдын пири Алыкулдун талантына  токтолушуп, чыгармаларынан  үзүндүлөрдү  окуп беришти.    Абдыганы Алибаев акындын поэзиясынан таасирленип жазган лирикаларынан  окуп берди. Профессор Кыргызбек Ибрагимов эне тил күнү жана Алыкул Осмоновдун өмүр жолу жана чыгармачылык чыйыры боюнча илимий доклад окуду. Ал  эми  1-курстун студенти Аида Адылбекова  Алыкулдун ырларынан, өзүнүн  акынга арналган ырын  окуп, анын  англис тилиндеги  котормосун  окуганда студенттер  шатыратып кол чаап колдошту. Конференция кызыктуу жана натыйжалуу өттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *