Ош пресс-клубу

«Кыйынчылыктар мигранттарды көпчүлүк учурда чыйралтат»

IMG_4919

IMG_4912

«Журналисттер»  коомдук бирикмесинин Оштогу  бөлүмүнүн  Ош пресс-клубунда 28-февраль күнү  Россия Федерациясына барып иштеп келген  мигранттар  Акылай Рысбаева жана Туратбек Сапаров  лекция  окушту. Мигранттар журналисттерге  Россия  Федерациясына барган  күндөрү жөнүндө, мигранттардын көйгөйлөрү, иш табуу,  документтерди даярдоодогу  кыйынчылыктар, мигранттардын  бири-бирине жардам бериши, бири-бирин алдаган учурлары, жашоосу, деги эле мигранттардын башынан өткөн окуялар жөнүндө  айтып беришти. «Биз барганда Москвада мигранттар аз болгондуктан көп  кыйналган эмеспиз. Ишке орношуу да, квартира табыш  да оңой болчу,-дейт Акылай Рысбаева. Анан ишке орношуу үчүн руксат кагазы керек боло баштады. Кийинчерээк  «Компания чисто» деген  компанияга  администратор болуп иштедим. Кыргыз балдарды, кыздарды топтоп иштедик. Көбүнө жардам берген учурларым да болду. Анан  чыгармачыл  адамдардын уюмдарына кошулуп, сынактарга катышып, поэзия кечелерине барып, чыгармачылыгымды да бирге алып кеттим.Эки ирээт сынакта  жеңүүчү болдум. 2 күн иштеп, 2 күн эс  алчу элек. Ошол мезгил ичинде  кыргыздар менен аралашып, ар түрдүү  иш чараларга катышып, «Аруу дүйнө», «Нур» гезитинин  чыгышына көмөктөш болуп жүрдүм. Москвада 7 жыл иштедим. Азыр эми балдарым чоңоюп, ошолорду чоңойтуп, өзүм менен  алып кетейин деп мектепте окуу бүтүшүн күтүп жүрөм,-деди Рысбаева.

Ал эми Туратбек Сапарбаев Чита облусундагы  кыргыздардын  жашоосу жөнүндө  айтып берди. 10 ай Читада иштеп, анан  үйүнө  3 айга келип кыш  ичи үйдө туруп кайра  иштегени кетет экен. Читада  кыргыздар азыраак болгондуктан  ал жердеги кыргыздарга иш табуу, документтерди жасоо  Москвадагыга караганда  оңоюраак. Россияга  кетип жатканда ал жакты жакшы билген бирөө менен барыш керек дейт ал. Иш табууда, документтерди жасоодо  тааныш бирөө  болгону жакшы дейт ал. Журналисттер  мигранттарга көптөгөн суроолорду узатып, жооп ала алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *