Ош пресс-клубу

«Эл сыймыгы» наамы негизделди

Копия DSCN5595

Ош облусунун Өзгөн районунда  «Эл сыймыгы»  деген наам  Өзгөн районунун  ардагерлер кеңеши тарабынан  негизделди. Бул наам мындан ары  элге  кадыр-баркы сиңген,  эл сыйлаган,  коомдук иштерде иштеп,  эмгеги  кичүү муунга  өрнөк боло турган  инсандарга тапшырылмакчы. Эң алгачкылардан болуп бул  наам    Өзгөн районунда туулган,  айыл чарба институтун бүтүп келгенден кийин   Өзгөн районунда  Алга совхозунда  зоотехник болуп эмгек жолун баштап, ошол эле райондогу «Кыргызстандын  50  жылдыгы»    совхозунда директор,  партиянын Өзгөн райкомунун экинчи катчысы,   Тогуз-Торо районунда райисполкомдун төрагасы,   Кара-Кулжа,  Кадамжай райондорунда аким  болуп үзүрлүү  эмгектенип, аталган райондордун  экономикасынын  өсүшүнө өз салымын кошкон.  Легендарлуу парламенттин депутаты болуп туруп көп мыйзамдардын кабыл алынышына жана  КРнын  өнүгүшүнө  өз салымын кошкон, эл ичинде кадыр –баркы бар   инсан Азим  Карашевге тапшырылды.  Учурда Азим Карашев Ош облусунун ардагерлер кеңешинин  төрагасынын  орун басары. Наам тапшыруу  аземине  Өзгөн райондук администрациясынан А. Тажибаев, Ош облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдибаит Тажибаев,  облустагы  Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгектин ардагерлери  коомчулук катышып сөз сүйлөп, Азим Карашевдин  сиңирген эмгегине токтолушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *