Ош шаарынын мэриясы Нооруз майрамын өткөрүү үчүн борбордук аянтка 13 боз үй тигүүдө. Анда шаардагы жана Ош облусунда жайгашкан 13 улуттун диаспоралары менен биргеликте 13 аймактык кеңеш ар улуттун каада-салт, үрп-адаттарын көргөзүшөт.
Нооруз майрамына карата Ош шаарында боло турган иш чаралардын убактысы:
20-март, борбордук аянтта:
Саат: 13:00. “Ош МУ жазы-2015” гала-концерти
14:00. Ордо оюну
15:00. Кыргыз күрөш
16:00. Аркан тартыш
20:00. “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде “Кадыр түн” тосулат. Анда ОшМУнун студенттери жана эмгек жамааты тарабынан даярдалган театралдаштырылган оюн-зоок тартууланат.
Мындан сырткары Амир -Темур аймактык кеңеште “Ырыс алды ынтымак” аттуу майрамдык иш-чара болот. Анда бала отургузуу, баланы бешикке бөлөө ж.б. ар улуттун каада-салтары аткарылат.
21-март күнү “Биздин күчүбүз биримдикте” ураанынын астында ар улуттардын жана диаспоралардын достугун даңазалаган майрамдык салатанат болот.
9:00. Борбордук аянтка тигилген 13 боз үйдүн жасалгалары жана алардын жанында ар түрдүү улуттардын каада-салттарынан көрүнүштөр коюлат.
9:30. Кароо-сынактын катышуучуларынын кол өнөрчүлүгү, улуттук тамак-аштын түрлөрү, улуттардын жана элдердин каада-салты, ыр-бийлери менен таанышуу
10:00.Расмий жетекчилер, меймандардын куттуктоолору
10:35. Нооруз майрамынын атрибуттары: аластоо, бата берүү, сүмөлөк таратуу
10.45. Искусство чеберлеринин жана аймактык кеңештердин өнөрпоздорунун майрамдык концерти.