Ош пресс-клубу

«Жаштарды лидерликке  кантип тарбияласа болот?»

IMG_5037

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин  Оштогу  бөлүмүнүн «Ош пресс-клубунда»  «Жаштарды лидерликке кантип тарбияласа болот?»  деген темада  лекция болуп өттү. Лекцияда Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитетинин  кызматкерлери  Шабдан Бегматов жана Мырзакмат Маматисаков  жаштарды  лидерликке  тарбиялоо  максатында жүргүзүлүп  жаткан иштер  боюнча айтып беришти. Лидер  жаштар  көбүнчө  табиятынан  шыктуу  болушат. Лидерликке баланы   жаш кезинен тарбиялаш керек.   Алар көбүнчө окуунун  мыктылары,  коомдук иштердин  активдүү  катышуучулары, табиятынан  чечендик  шыктары бар,  кругозору кеңири, мыкты  демилгелерди көтөрө  алган  алдыңкы катардагы  жаштар болушат. Биз  2014-жылы  студент  жаштарды  лидерликке окутуп, КР ЖКине  практикага  алпарып, сессияга катыштырдык. Депутаттардын иштегенин көргөздүк. Депутаттар  менен  жолугуштурдук. Айтор депутаттардын  бардык иш  жүргүзүүсүн  көрүп келишти. Биз  жаштарга адегенде  сынак  жарыялап,  анан  алардын арасынан  мыктыларын  тандап алганбыз. Лидерлик  мектепте окууну  каалагандардын көбү мектепти  айыл жеринен  бүткөрүп келишкен жаштар. Көбү студенттер. Алардын  ичинен  окууну бүткөрүп  мамлекеттик  мекемелерде иштеп жаткандары да бар. Мисалы мен  ошол лидерлик мектепти бүткөм,-деди  Шабдан Бегматов. Лекцияда  азыркы мезгилде  Жаштар комитети тарабынан уюштурулган «Интеллектуалдык өнүктүрүү  мектебинин»  угуучулары  Урмат Асанов, Бексултан  Кудайбердиев жана Бахтияр Карыбеков  өздөрү  билим алып жаткан  курстар  боюнча  кыскача айтып беришти. Журналистер  суроо  беришип, суроолоруна жооп алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *