Ош пресс-клубу

Лекция: «Соттун  чечими чыкмайынча  кылмышкер деп атоого болбойт…»

«Журналисттер»  коомдук бирикмесинин Оштогу пресс-клубунда  31-март күнү «Сот процесси»  (Жарандык кодекс, кылмыш кодекси) деген темада лекция болуп өттү. Лекцияга Ош шаардык сотунун судьясы Баимбет Осмонов  чакырылды. Баимбет Осмонов «Жарандык жана кылмыш кодекси» тууралуу  кеңири айтып берди. Азыркы мезгилде сотко мүлкүн, жер тилкелерин, машинасы сыяктуу  мүлктөрүнө  байланыштуу  иштер менен көп кайрылышат. Мындай териштирүүдөгү иштерди соттун чечими чыкмайынча андай, же мындай деп  маалымат берүүгө  болбойт. Соттун чечими  чыкмайынча  кылмышка шектүү адамды да кылмышкер деп атоого болбойт. Ушул, жана башка маселелер боюнча журналисттер абдан көп суроолорго жооп алалышты. Б. Осмонов бул  же тигил маселелер боюнча журналисттер кайрылса юридикалык жардам берүүгө даяр  экендигин билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *