Ош пресс-клубу

Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү белгиленди

Копия IMG_5207

5-май күнү Ош шаарындагы  Журналисттер аллеясында  Басма сөз эркиндигинин  эл аралык күнү белгиленди.  Оштогу   журналисттер  чогулушуп, аллеяда  ишембилик өткөрүшүп,  Ош шаардык  жашылдандыруу  жана  көрктөндүрүү  кызматынын  жумушчулары менен биргеликте  аллеянын  эки тарабындагы чөптөр чабылып, жыйналып, аллея шыпырылып, баштагы  беш отургучка дагы эки отургуч  кошулуп,  жети отургуч  болуп калды. Белгилеп кетүүчү жагдай-  Журналисттер аллеясы 2012-жылы  5-майда  «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин   демилгеси,  Ош шаардык мэриясынын  колдоосу менен  ачылып,  120  арча  тигилип,  отургучтар  коюлган. Ошондон бери Оштук журналисттер  Эл аралык Басма сөз күнүндө  аллеяда митинг өткөрүшүп,  отургучтарды  сырдашып,  ишембилик өткөрүшөт. Аллеяда журналисттер  басма сөз эркиндиги, журналисттердин тилектештиги,  биримдиги  жөнүндө сүйлөштү. Ардагер журналист Абдылда Капаров  басма сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөп  маалымат каражаттарынын  баркын көтөрүү, журналисттердин биримдиги жөнүндө оюн айтты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *