Ош пресс-клубу

Журналисттер укуктук билимдерин жогорулатышууда

 

«Журналисттер»  коомдук бирикмесинин  түштүк бѳлүмүндѳгү  Ош пресс-клубунда  «Журналисттердин  укуктары жана милдеттери. Жалган маалымат беренеси»  боюнча  тренинг болуп ѳттү.  Тренер,  юрист  Айгүл  Матиева  журналисттерге   алардын укуктары, милдеттери, айрым учурларда журналисттер тарабынан  кетирилген  кемчиликтерге  токтолуп, мыйзамдагы  беренелер  боюнча айтып берди.  Журналисттер  кайсыл  темаларды  чагылдырууда  катачылыктар  кетиши мүмкүн, мыйзамда  журналисттердин  укуктары корголгонбу, эгер  журналисттерге  маалымат бербей койсо  кандай чара кѳрүүгѳ болот?  Жалган  маалымат  таркаткандыгы  үчүн  мыйзам алдында  журналистке  кандай  чара кѳрүлүшү мүмкүн деген сыяктуу  бир катар суроолорго жооп алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *