Ош пресс-клубу

«Дин жана мазхаб түшүнүктөрүн билүүнүн илимий негиздери»

lekdin

8-октябрда  “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Түштүк бѳлүмүнүн  «Ош пресс-клубунун»   демилгеси менен  Ош МУнун  теология факультетинде «Дин жана мазхаб түшүнүктөрүн билүүнүн илимий негиздери»,-деп аталган  лекция болду.  Лекцияда теология факультетинин окутуучулары  З.Ажымаматов «Мазхаб түшүнүгү жана мазхабдардын тарыхы», А.Жусубалиев «Кыргыздардын ислам динин кабыл алуулары», А.Маматов «Дин түшүнүгү жана диндер тарыхы» боюнча  лекция окушту. Лекцияга катышкан журналисттер  ѳздѳрүн кызыктырган суроолорду беришип, диний журналистика боюнча ѳз суроолоруна кѳп кызыктуу  жоопторду ала алышты. Лекцияда ислам дини, исламдагы агымдар, кыргыздар  качантан баштап  динди кабыл алышкан, ажылык, даваат, жамаат,  диндин тарыхы  боюнча кѳптѳгѳн суроолорго жооп алышты.

Лекциянын  катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

 

Tagged on: ,

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *