«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу бөлүмүнүн Ош пресс-клубунда 28-февраль күнү Россия Федерациясына барып иштеп келген мигранттар лекция окушмакчы. Мигранттар журналисттерге Россия Федерациясына барган күндөрү жөнүндө, мигранттардын көйгөйлөрү, иш табуу, документтерди даярдоодогу кыйынчылыктар, мигранттардын бири-бирине жардам бериши, бири-бирин алдаган учурлары, жашоосу, деги эле мигранттардын башынан өткөн окуялар жөнүндө айтып беришмекчи. Лекцияга катышуу үчүн Jipar2005@mail.ru дарегине , же 0555359592 телефону аркылуу Жыпар Акуновага байланышсаңыздар болот
Мигранттардын көйгөйү жөнүндө Ош пресс-клубунда
- Алыкулга арналган илимий конференция
- «Кыйынчылыктар мигранттарды көпчүлүк учурда чыйралтат»