Ош пресс-клубу

«Кыргызстандын өнүгүшү жаштардын колунда» дешти форумдун катышуучулары

27-февраль күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен «Тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөодө жаштардын катышуусу-экономиканы чыңдоонун шарттарынын бири» деген темада жаштар форуму болуп өттү. Форум Кыргызстанда жашап каткан этникалык топтордун интеграцияланышында, элдин биримдигин камсыз кылууда өлкөнүн жаштарынын биримдиги, ынтымактуулугу аркылуу жаштардын ролун аныктоо жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты илгерилетүү максатында уюштурулду.  Форумга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын, Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын студент-активисттери, аспирант-магистранттары, жаш окутуучулар, жаш  адистер катышышты. Форум Кызыл-Кыя шаарындагы Улуу Ата Мекендик согушта  курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эскерүү менен башталды.

-Жаштар тынчтыктын маанисин түшүнүшүңөр керек, тынчтык болгон жерде гана экономикалык өсүш болот. Тынчтык, ынтымак болгон жерде гана  өнүгүү болот. Андыктан аталардын абагын сыйлап, аларды унутпай, алар жасаган эрдиктерди жүрөгүбүздө сактап жүрүүбүз керек,-дешти чыгып сүйлөгөндөр. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып 70 көчөт отургузулду.

   Андан соң форум Кызыл-Кыя шаарынын эс алуу багында уланды.  Эс алуу  паркында форумдун катышуучулары шаардын көркөм кол өнөрчүлүгү жана улуттук тамак-аш көргөзмөсүнө күбө болушту. Паркта этностук жактан аралаш үй бүлөлөр 66 жылдан бери бирге жашап, ынтымактуу  өмүр сүрүп келатышкан Жаныбек Абдрахмановду жана орус кызы Скворцова Татьяна Михайловнаны, 40 жыл бирге жашаган Колдош Тойгонбаев менен татар  кызы Флюра Ахмедованы, жаңыдан баш кошушкан Эсен Жоробеков менен тажик кызы Хасифа Машарипованы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиев куттуктап, белектерди тапшырды. Форумдун катышуучуларын Кызыл-Кыя шаарынын маданият кызматкерлери куттуктап, ыр, бий жаңырды. Шаардагы жаңыдан ачылган жаштар борбору менен форумдун катышуучуларын Кызыл-Кыя шаарынын мэрии А.Халмурзаев тааныштырды. Жаштар борборунун директору Бүбүниса Кыргызбаева  жаштар борборундагы иштер боюнча айтып берди. Кароосуз калып кеткен Дружба кинотеатры Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан ремонттолуп, жаштар борбору ачылган. Бул борбордо азыркы мезгилде  жаштардын ар түрдүу  иш чаралары өткөрүлөт. Жаштар шаардын тарых музейинде болушуп, андан соң форум Ала-Тоо  эс алуу борборунда уланды.

     Жыйын «Биз өлкөнү өнүктүрөбүз  жана бекемдейбиз»  аттуу  жаштардын улуу баалуулугу тууралуу патриоттук ураандын астында шаңдуу салтанат менен башталды. Жыйынды агенттиктин директору Накен Касиев ачып,  этностор аралык мамилелерди чыңдоодогу, Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү жаштардын ролуна токтолуп, бул  багытта агенттик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи. Форумда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара кызматташуу боюнча бөлүм башчысынын орун  басары З. Эргешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңишбек Разаков куттуктап, сөз сүйлөштү. Жыйында тарых илимдеринин доктору, профессор А. Жоошбекова, доцент С.Эралиев жаштардын коомдогу ролу жөнүндө доклад жасашты. Форумда ЖАМУнун студенти Эсен Шишкарев, ОшМУнун студенти Алина Сулайман кызы,  БатМУнун магистранты Гүлнура Аскарова жана башка аспиранттар, студенттер, фермерлер чыгып сүйлөшүп, жаштарды активдүү болууга, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууга чакырышты.

    Кызыл_кыя шаарынын  мэрии  А. Халмурзаев өз сөзүндө форумдун Кызыл-Кыя шаарында өтүүсүнө демилгечи болгон Накен Касиевге ыраазылык билдирди. Форумдун акырында резолюция кабыл алынды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *