Ош пресс-клубу

«Жан дүйнөңө жаккан ишти жасоонун ырахаты укмуш»

скачанные файлы

-Зинакан эже, жаз мезгили сизге жагабы?

– Мага жылдын бардык мезгили жагат. Ар биринин өзүнө гана тиешелүү сулуулугу бар. Албетте, кыштын суук күндөрүнөн  кийин жаздын керемети өзгөчө.

– Сиз чыгармаларынызды көбүнчө  кайсыл мезгилде жазасыз?

– Илхам мезгилге карабаса керек, ал адамдын ички туюм-сезимдерине, турмуштук жагдайларга байланыштуу болот. Мен, мисалы, жашоодо бир нерсеге таасирленсем, кусалансам, санаа чексем ыр жазгым келет. Ал эми олуттуу ойлор проза жазууга шыктандырат. Адам сезими кышында да, күзүндө да, күндүзү   да, түнү да  козголгон учурлар болот, ошондуктан колума качан калем алаарымды болжоп болбойт.

– 8-март –Аялдардын эл аралык майрамын кандай тостуңуз?

– Бул майрам мен үчүн өтө жагымдуу майрам. Жагымдуу сюрприздер көп болот. Алардын ичинде уулдарым тартуулаган кандай гана белек болбосун, же менин көңүлүмдү көтөрүүгө жасаган аракеттери өзгөчө кымбат.

– А өзүңүз  кимди куттуктайсыз?

– Апамдын көзү тирүүсүндө эң  алгач аны куттуктоочумун. Азыр жашы улуу эжелерди озунуп куттуктоону парзым деп эсептейм. Алардын ичинде мени көтөрүп чоңойткон аталаш Сонунбу эжем да бар.

– Чыгармачылык кандай пландарыңыз бар?

– Чыгармачылыкка байланыштуу алдыга койгон максат-тилектерим, пландар бир топ. Баары убагында келгенде айтылар. – Чыгармачылык иш сиз үчүн

түйшүкпү?

– Албетте, чыгарма жазуу кажынган эмгекти талап кылат. Бирок, жан дүйнөңө  жаккан  ишти жасоонун ырахаты башкача. Өз ишинден канааттануу алып, берилип иштегендик – бул бактылуулук.

Маектешкен Бекназар Ысабек уулу

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *