Ош пресс-клубу

Эл ырды жыргап угуп, эс алып кетишти

11058498_909424152443122_3330777146912072910_n111

Бүгүн Самара Каримованын концертине бардым.  Концерт абдан  шаңдуу, кызыктуу өттү. Алып баруучулар да  кызыктуу, күлкүлүү алып барышты.  Самара Каримованын  концертинде Алтынай Нарбаева, Гүлнара Кахарова ,  Айнура Салахитдинова,  Гүлнур  Асанова  жана башка  жылдыздар  ырдашып, Самаранын  концертине ийгиликтерди каалашты. Концерт жандуу,  кызыктуу  өттү. Концертке келгендер  С.Ибраимов атындагы  кыргыз улуттук  драмалык   театрына батпай,  Самаранын  күйөрмандары концертти  тике тургандарына кайыл болушуп  көрүп, шатыратып коол чаап отурушту.  Эл батпайт. Отургучтар  толуп бүтүп, залдын  эки тарабына, отургучтардын арасына  стул коюп отуруп алышкан,  эл батпайт. Ортого тургандарына да кайыл болуп, концерттин  акырына чейин  тикесинен  тик тургандар  көп болду.  Концертке  келгендердин арасында Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа  райондорунан  келгендер да көп экен.  Концертке билет таппай  театрды айланып билет издеп жүргөндөр андан да көп.  Ушул  жерде бир ой келди. Самара  Каримова  19 күн  концерт коет экен, кокуй күн  19 күн концертке ким барат деп  чыйпыйы чыккандар ошол  Самаранын  концертинин  кандай өтүп жатканын, элдин  концертте  канчалык жыргап   олтуруп, эс алып ,  ыраазы болуп кетип  жатышканын  көрүшсө болмок…

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *