Ош пресс-клубу

Нооруз Ошто өзгөчө белгиленди

11079617_652312001570518_1888530475812431689_n

Нооруз майрамы быйыл  Ош шаарында  өзгөчө  белгиленди. Шаардын борбордук аянтына 13 боз үй тигилип,  13 ар улуттун  ыр -күүлөрү  жаңырып, каада салттары көргөзүлдү.  Нооруз  майрамы умай энелердин ысырыгы менен ачылды.

Нооруз майрамынын салтанатына   КРнын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министири Таирбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаттары  Жылдыз Жолдошева,  Акылбек  Султанов,  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Улан Примов  жана  Ош шаардык кеңешинин   депутаттары,  мекеме-ишканалардын жетекчилери  катышып,  шаардын тургундарын  Нооруз майрамы менен куттукташты. Өзгөчө Кытай диаспорасынын өкүлү Мао Цын  аянттагы элди Нооруз майрамы менен кыргыз тилинде   куттуктаганда  тургандардын бардыгы кол чаап, сүрөп турушту.  Майрамга  согуштун, эмгектин ардагерлери,  да чакырылды. Нооруз майрамына 15 миңге жакын адам келди деген  сөз болду.

Майрамга шаардагы 13 аймактык кеңештин, 13 этностук маданий борборлорунун өкүлдөрү тарабынан  уюштурулган боз үйлөрдүн жасалгалары жана алардын жанында ар түрдүү улуттардын каада-салттарынан көрүнүштөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын түрлөрү, улуттардын жана элдердин каада-салттары, ыр-бийлер боюнча сынак  уюштурулду.

Сынактын жыйынтыгында  Ош шаарынын мэри   Айтмамат .Кадырбаев атайын түзүлгөн коммиссиянын чечими менен бир нече номинациялар боюнча аймактык кеңештерге дипломдорду , акчалай сыйлыктарды  жана  компьютерлерди тапшырды.  Нооруз майрамы менен  шаар тургундарын эстрада жылдыздары куттуктап, ырдап, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *