Ош пресс-клубу

«Социалдык маселелер: карыларыбыз камкордукка алынганбы? Пенсия жашы дагы узартылганы туурабы?»

IMG_5052

24-март күнү «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин  Ош шаарындагы  «Ош пресс-клубунда»  «Социалдык маселелер: карыларыбыз камкордукка алынганбы? Пенсия  жашынын  узартылганы туурабы?»  деген темада  лекция болуп өттү.  Лекцияга  Ош шаардык социалдык фондунун  кызматкери Бакыт Ахунбаев,  Ош шаарынын тургуну Гүлкан Курбанбаева журналисттер  катышышты.  Лекцияда Бакыт Ахунбаев  пенсия  боюнча мыйзамдар, аларга толуктоолор,  иштеген  жылдарга жараша чыгуучу  пенсия,  жашы боюнча пенсияга чыгуу  боюнча  толук айтып берди.  Журналисттер  КР ЖКинде  пенсияга чыгуунун  жашын  дагы жогорулатуу  боюнча  талкуу болгонун,  бирок айрым адамдар  пенсияга  деле  жетпей  каза  болуп калышканын, айрымдары  пенсияда 1-2 жыл  гана  жүрүшкөнүн  айтышып,  тетирисинче  пенсияга эртерээк чыгаруу маселесин көтөрүп чыгуу зарылдыгын   айтышты. Журналисттер ошондой эле өмүр бою эч жерде иштебегендер,  чет жерде иштеп жүргөн  мигранттар,  базарда соода кылгандар  кандайча  пенсияга чыкса болот деген суроолорго да жооп алышты. Ал эми Ош шаарынын тургуну  Гүлкан Курбанбаева  өмүр бою  иштеп жүрүп, анан  картайганда  3000 сомго пенсияга чыксаң  абдан  өкүнүчтүү  экен. Азыр  3000 сомго эмне келет?   Өкмөт  пенсия маселесин  карап чыкпаса болбойт, бул  маселени көтөрүп чыгыш керек деген  пикирин айтты.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *