Ош пресс-клубу

«Теле журналистикада маек куруу” деген аталыштагы тренингге жазылуу башталды

18-октябрда  “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Түштүк бѳлүмүндѳгү  «Ош пресс-клубунда»  «Теле журналистикада маек куруу ”  темасына  арналган журналисттер үчүн 1 күндүк тренинг болот.   Тренингди белгилүү  журналист Элима Жапарова  алып барат. Тренингге жазылуу үчүн 0555 359 592 телефону, же Jipar2005@mail.ru почтасы аркылуу Жыпар Акуновага кайрылсаңыздар болот.

                                                                                                                                                           

 

Журналисттер укуктук билимдерин жогорулатышууда

 

«Журналисттер»  коомдук бирикмесинин  түштүк бѳлүмүндѳгү  Ош пресс-клубунда  «Журналисттердин  укуктары жана милдеттери. Жалган маалымат беренеси»  боюнча  тренинг болуп ѳттү.  Тренер,  юрист  Айгүл  Матиева  журналисттерге   алардын укуктары, милдеттери, айрым учурларда журналисттер тарабынан  кетирилген  кемчиликтерге  токтолуп, мыйзамдагы  беренелер  боюнча айтып берди.  Журналисттер  кайсыл  темаларды  чагылдырууда  катачылыктар  кетиши мүмкүн, мыйзамда  журналисттердин  укуктары корголгонбу, эгер  журналисттерге  маалымат бербей койсо  кандай чара кѳрүүгѳ болот?  Жалган  маалымат  таркаткандыгы  үчүн  мыйзам алдында  журналистке  кандай  чара кѳрүлүшү мүмкүн деген сыяктуу  бир катар суроолорго жооп алышты.

Кыш босогодо, газ жок, даярдык кандай?

IMG_4427

IMG_4428

Ош шаарындагы  «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин  «Ош пресс-клубунда»    «Ош шаарындагы   кышка  даярдык»   боюнча   Ош шаардык  мэриясынын  шаардык чарба жана транспорт  бѳлүмүнүн  башчысы  Уралы Романов, «Ош РЭСинин»  жетекчиси  Сыдыков Данияр,  «Энерго  сбыттын» жетекчиси  Таштанбек  Полотбеков, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасынын  жетекчиси Эркин Аралиев,  Ош шаардык  жылуулук  энергия  менен камсыздоо  борборунун директорунун орун басары Абдашым Түркменов,  Жылуулук менен камсыздоо  муниципалдык  ишканасынын директорунун  орун басары  Беделбай Кадырбердиев  менен  журналисттердин жолугушуусу болуп ѳттү. Жолугушууда   Уралы Романов  Ош шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан   кышка даярдык  иштери  боюнча  кеңири маалымат берди.

Толугу менен

Ѳтүлүүчү лекциялар:

  1. Экономикалык  аспектилер: «Ош шаары  кышка  даярбы?

               (17- сентябрь)

  1. Диний журналистика: «Исламдын ичиндеги диний агымдар»  Ош мамлекеттик университетинин  теология факультетинин  о                кутуучусу   ѳтѳт(27-сентябрь)
  2. Шайлоого даярдык : «Партиялардын  жарышы»  партиялардын ѳкүлдѳрү чакырылат (11-октябрь)
  3. Сот процесси  (Жарандык кодекс,  кылмыш кодекси,) 1- ноябрь
  4. Ден соолук:  «Сасык тумоодон кантип  сактануу  керек?» (врач   чакырылат)  15-ноябрь
  5. Билим: «Эмне үчүн балдарыбыз билим алууга кызыгышпайт?»  (Шаардык билим берүү башкармалыгынын  жетекчиси) 6-декабрь
  6. Мигранттар  жана  алардын  кѳйгѳйлѳрү  чечилеби?  Мигранттар  менен  журналисттердин жолугушуусу (10-январь)
  7. Социалдык  маселелер: «Карылык,  карыларыбыз  пенсия жашына  жетпей эле  кѳз жумган учурлар кѳп.  Ал эми ЖКте  пенсия жашын дагы  узартуу  зарыл дешет.  Анда  карыларыбызды пенсияга чыгарбай койсо кантет?»  (Согуштун, эмгектин ардагерлери) (7-февраль)
  8. Жаштар: «Жаштарды  лидерликке  кантип  тарбияласа  болот?»  (Жаштар ,студенттер  чакырылат)  (27-март)

“Журналисттердин укуктары жана милдеттери, «Жалган маалымат» беренеси” тренингине жазылуу башталды

19-сентябрда «Ош пресс-клубунда» юридикалык темага арналган журналисттер үчүн 1 күндүк тренинг болот. Аталышы «Журналисттердин укуктары жана милдеттери, “Жалган маалымат” беренеси».

Тренингди Айгүл Матиева алып барат.

Тренингге жазылуу үчүн 0555 359 592 телефону, же jipar2005@mail.ru почтасы аркылуу Жыпар Акуновага кайрылгыла.

Пресс-клубдун алгачкы тренинги өттү

Пресс-клубдун алгачкы тренинги өттү

IMG_4408

13-сентябрь күнү «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу офисине караштуу «Ош пресс-клубунда» «Журналистикадагы аналитика» аталышындагы тренинг болуп ѳттү. Тренингге 14 журналист катышты. Окутууну тажрыйбалуу  журналист, «Ош шамы» гезитинин мурдагы баш редактору, азыркы мезгилде «Ош пирим» теле компаниясынын аткаруучу директору  Тургунбай Алдакулов ѳттү.

“Тренинг кызыктуу болду, мындан кийин да ушундай тренингдерге катышууга даярбыз. Биз тренингдерден ѳз кесиптик ишибизде кереги тие турган көп маалыматтарды уктук, ѳзүбүздү кызыктырган суроолорго жооп ала алдык”, дешти тренингдин катышкан жаш журналисттер.

IMG_4409

IMG_4407

“Ош пресс клубунда” өтө турган эмки тренингдер тууралуу маалыматты бул жерден ала аласыздар.

Бул күн майрамга айланса…

Бул күн майрамга айланса…

IMG_4399

Ош шаарындагы «Журналисттердин аллеясында» 8-сентябрда журналисттердин тилектештигинин Эл аралык күнү белгиленди.

Чогулган журналисттер ѳз кесиптериндеги кыйынчылыктар жѳнүндѳ айтышып, журналисттердин биримдигин, ынтымагын чыңдоо боюнча ойлорун билдиришти. Жыйында «Журналисттер» коомдук бирикмесинин  Оштогу бѳлүмүндѳ  жаңы иш баштаган  Ош пресс-клубу,  журналисттерге  тренингдерди  ѳтүүчү жаңы долбоор, бул  долбоордун алкагында  журналисттердин  юристтин жардамынан  пайдалана алыша тургандыгы жѳнүндѳ маалымат ала алышты.

IMG_4404

Журналисттердин тилектештиги күнүн жѳн гана белгилебей, бул күн чыныгы майрамга айланса, ушул  күнү чыгаан  журналисттерге сыйлыктар  тапшырылса деген ойлорун билдиришти.

Жыпар Акунова

Ош журналисттери өз пресс-клубуна ээ болушту

Ош журналисттери өз пресс-клубуна ээ болушту

IMG_4361

3-сентябрь күнү «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүндѳ Пресс-клуб ачылып, анда журналисттерге чыгармачылыкта кѳмѳк кѳрсѳтүү максатында ѳтүлѳ турган тренингдердин жаңы долбоорунун тушоо кесүүсү болуп ѳттү. 10 айга созула турган бул долбоордун алкагында журналисттик жанрлар, журналисттик иш, журналисттердин юридикалык билимин жогорулатуу боюнча тренингдер, коомдогу, шаардагы, мамлекетибиздеги, экономикадагы кырдаалдар боюнча адистер чакырылып, журналисттердин катышуусунда лекциялар ѳткѳрүлмѳкчү.

Долбоор IMS фонду тарабынан каржыланды. Журналисттерге Элима Жапарова, Султан Абдрахманов, Зинакан Пасаңова, Тургунбай Алдакулов, Гүлзат Газиева сыяктуу журналистика тармагында кѳп жылдардан бери эмгектенип келаткан, тажрыйбалуу журналисттер тренинг ѳтүшмѳкчү. Тренингдин суроолорун журналисттер арасында сурамжылоо жүргүзүү учурунда журналисттер ѳздѳрү сунуштаган темалар тандалып алынды. Сурамжылоо учурунда журналисттер “Журналисттик иликтѳѳ”, “Аналитикалык макала”, Теле журналистикада: “Маек куруу”, “Видеону мобилдик түзүмдѳр менен тартуу, аны монтаждоо жана интернетке жайгаштыруу”, “Интернеттеги журналистиканын ѳзгѳчѳлүгү”, “Гезитти жасалгалоонун эрежелери” сыяктуу темаларды сунушташты.

Мындан сырткары журналисттер юридикалык билимин жогорулатууга муктаж экендиктерин белгилешти. Мына ушундан улам биз “Журналисттердин укуктары жана милдеттери”, “Жалган маалымат”, Мамлекеттик жана коммерциялык сырлар”, “Журналисттердин этикасы”, “Маалыматка жетүү” сыяктуу темаларды тандап алдык.

Тренингдер тууралуу кеңири маалыматты Ош пресс-клубунун сайтынан тапса болот.

Долбоордун жүз ачарында журналисттер радио журналисттер дагы билимдерин жогорулатууга муктаж экендиктерин, кѳп жаш журналисттердин даярдыгы жок келип атышканын дагы белгилешти. Айрым журналисттер жаш журналисттерге тренинг ѳтүп берүүгѳ даяр экендиктерин билдиришти. Журналисттердин пикирлери, сунуштары менен эсептешип ѳтүлгѳн мындай тренингдерди кѳбѳйтүү зарылдыгын белгилешти.

Жыпар Акунова

Пресс-клуб жүргүзгөн сурамжылоонун айрым жыйынтыктары

Пресс-клуб жүргүзгөн сурамжылоонун айрым жыйынтыктары

opros

“Журналисттер” КБнын Ош шаарындагы кеңсесинде өткөрүлө турган окутуулардын жана дарстардын темасын аныктоо максатында июль айында оштук журналисттердин арасында атайы сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Бул сурамжылоого 59 журналист катышты.

Ылдыйда анын айрым жыйынтыктары.

 

1. Сурамжылангандардын катарында журналистика менен алектенгендердин  алды 37 жыл, арты 2-3 ай болгон.

 

2. Журналисттик кесиптеги кайсы бир жанрлар боюнча тренингдерге катышкысы келгендер:

– жаңылык-15

– интервью-12

– аналитикалык макала-8

– журналисттик иликтөө – 34

– башка (режиссердук чеберчилик) – 2

 

3. ЖМКнын кайсы түрү боюнча окутуулар керек?

– гезит – 11

– телеберүү – 34

– радио – 6

– интернет-басылма – 14

 

4. Журналисттик кесипке байланыштуу кандай өнөргө үйрөнгүңүз келет?

– фотосүрөт тартуу жана аны иштетүү – 7

– интернет менен иштөө – 10

– блогду алып баруу – 8

– социалдык тармактарда иш алып баруу – 9

– гезитти жасалгалоо – 10

– үн, видеону жаздыруу жана аларды иштетүү – 16

– башка (реалити шоу жана ток шоуну алып баруу) – 2

 

5. Кандай юридикалык окутуулар сизге керек?

– маалыматка жетүү – 7

– журналисттердин укуктары жана милдеттери – 20

– эмгек укуктары – 7

– мамлекеттик жана башка сырлар – 20

– журналисттик этика – 10

 

6. Кайсы тармак боюнча билимиңерди тереңдеткиңер келет?

– экономикалык журналистика – 11

– соттук журналистика – 8

– социалдык журналистика – 21

– саясий журналистика – 11

– диний журналистика – 7

– башка (журналисттерге англис тили окутулса) – 10