күнү “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Түштүк бѳлүмүндѳгү «Ош пресс-клубунда» “ Журналисттердин этикасы” темасына арналган журналисттер үчүн тренинг болуп өттү. Тренингди юрист Айгүл Матиева алып барды. Тренинг учурунда журналисттер журналисттердин укуктары, журналисттердин этикалык кодекси, аналитикалык макалаларды жазууда, журналисттик иликтөөлөр учурунда журналисттер кандай кемчиликтерге жол бериши мүмкүн, өтө чуулгандуу макалаларды жазууда журналист кайсыл эрежелерди карманышы керек, балдар темасын чагылдыруунун эрежелери, соттук иштерди чагылдыруу эрежелери, журналисттик салыштыруулар, бирөөнүн аброюна шек келтирбеш үчүн кандай эрежелерди кармануу зарыл сыяктуу журналисттик иштеги негизги эрежелерге кызыгышты. Жаш журналисттер ошондой эле этикалык кодекстин сакталышы боюнча бир катар суроолорго жооп алышты. Пресс-клубду жаш журналисттер менен улуу муундагы журналисттер кезиге ала турган клубга айландырса болобу, журналисттерге укуктук тренингдер дайыма өтүлсө, -деген көптөгөн суроолорду узатышты.
14-февраль күнү “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Түштүк бѳлүмүндѳгү «Ош пресс-клубунда» :”Маалыматтарды социалдык сайттарга жайгаштыруу” жана “Гезитти жасалгалоонун эрежелери” темасына арналган журналисттер үчүн тренинг болуп өттү. Тренингде жаш журналисттерге тренер Гүлзат Газиева Материалдарды социалдык тармактарга жайгаштыруу, Гезитти жасалгалоонун эрежелери боюнча кеңири айтып берди. Тренингде журналисттерди социалдык тармактарга маалымат коюу, сүрөт коюу, сайттар менен иштөө, гезитти жасалгалоо, шрифттер, материалды жайгаштыруу жана башка көптөгөн суроолор кызыктырды.
19-сентябрда «Ош пресс-клубунда» юридикалык темага арналган журналисттер үчүн 1 күндүк тренинг болот. Аталышы «Журналисттердин укуктары жана милдеттери, “Жалган маалымат” беренеси».
13-сентябрь күнү «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу офисине караштуу «Ош пресс-клубунда» «Журналистикадагы аналитика» аталышындагы тренинг болуп ѳттү. Тренингге 14 журналист катышты. Окутууну тажрыйбалуу журналист, «Ош шамы» гезитинин мурдагы баш редактору, азыркы мезгилде «Ош пирим» теле компаниясынын аткаруучу директору Тургунбай Алдакулов ѳттү.
“Тренинг кызыктуу болду, мындан кийин да ушундай тренингдерге катышууга даярбыз. Биз тренингдерден ѳз кесиптик ишибизде кереги тие турган көп маалыматтарды уктук, ѳзүбүздү кызыктырган суроолорго жооп ала алдык”, дешти тренингдин катышкан жаш журналисттер.
“Ош пресс клубунда” өтө турган эмки тренингдер тууралуу маалыматты бул жерден ала аласыздар.