Ош шаарындагы «Журналисттердин аллеясында» 8-сентябрда журналисттердин тилектештигинин Эл аралык күнү белгиленди.
Чогулган журналисттер ѳз кесиптериндеги кыйынчылыктар жѳнүндѳ айтышып, журналисттердин биримдигин, ынтымагын чыңдоо боюнча ойлорун билдиришти. Жыйында «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүндѳ жаңы иш баштаган Ош пресс-клубу, журналисттерге тренингдерди ѳтүүчү жаңы долбоор, бул долбоордун алкагында журналисттердин юристтин жардамынан пайдалана алыша тургандыгы жѳнүндѳ маалымат ала алышты.
Журналисттердин тилектештиги күнүн жѳн гана белгилебей, бул күн чыныгы майрамга айланса, ушул күнү чыгаан журналисттерге сыйлыктар тапшырылса деген ойлорун билдиришти.
3-сентябрь күнү «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүндѳ Пресс-клуб ачылып, анда журналисттерге чыгармачылыкта кѳмѳк кѳрсѳтүү максатында ѳтүлѳ турган тренингдердин жаңы долбоорунун тушоо кесүүсү болуп ѳттү. 10 айга созула турган бул долбоордун алкагында журналисттик жанрлар, журналисттик иш, журналисттердин юридикалык билимин жогорулатуу боюнча тренингдер, коомдогу, шаардагы, мамлекетибиздеги, экономикадагы кырдаалдар боюнча адистер чакырылып, журналисттердин катышуусунда лекциялар ѳткѳрүлмѳкчү.
Долбоор IMS фонду тарабынан каржыланды. Журналисттерге Элима Жапарова, Султан Абдрахманов, Зинакан Пасаңова, Тургунбай Алдакулов, Гүлзат Газиева сыяктуу журналистика тармагында кѳп жылдардан бери эмгектенип келаткан, тажрыйбалуу журналисттер тренинг ѳтүшмѳкчү. Тренингдин суроолорун журналисттер арасында сурамжылоо жүргүзүү учурунда журналисттер ѳздѳрү сунуштаган темалар тандалып алынды. Сурамжылоо учурунда журналисттер “Журналисттик иликтѳѳ”, “Аналитикалык макала”, Теле журналистикада: “Маек куруу”, “Видеону мобилдик түзүмдѳр менен тартуу, аны монтаждоо жана интернетке жайгаштыруу”, “Интернеттеги журналистиканын ѳзгѳчѳлүгү”, “Гезитти жасалгалоонун эрежелери” сыяктуу темаларды сунушташты.
Мындан сырткары журналисттер юридикалык билимин жогорулатууга муктаж экендиктерин белгилешти. Мына ушундан улам биз “Журналисттердин укуктары жана милдеттери”, “Жалган маалымат”, Мамлекеттик жана коммерциялык сырлар”, “Журналисттердин этикасы”, “Маалыматка жетүү” сыяктуу темаларды тандап алдык.
Долбоордун жүз ачарында журналисттер радио журналисттер дагы билимдерин жогорулатууга муктаж экендиктерин, кѳп жаш журналисттердин даярдыгы жок келип атышканын дагы белгилешти. Айрым журналисттер жаш журналисттерге тренинг ѳтүп берүүгѳ даяр экендиктерин билдиришти. Журналисттердин пикирлери, сунуштары менен эсептешип ѳтүлгѳн мындай тренингдерди кѳбѳйтүү зарылдыгын белгилешти.