Ош шаарындагы «Журналисттердин аллеясында» 8-сентябрда журналисттердин тилектештигинин Эл аралык күнү белгиленди.
Чогулган журналисттер ѳз кесиптериндеги кыйынчылыктар жѳнүндѳ айтышып, журналисттердин биримдигин, ынтымагын чыңдоо боюнча ойлорун билдиришти. Жыйында «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүндѳ жаңы иш баштаган Ош пресс-клубу, журналисттерге тренингдерди ѳтүүчү жаңы долбоор, бул долбоордун алкагында журналисттердин юристтин жардамынан пайдалана алыша тургандыгы жѳнүндѳ маалымат ала алышты.
Журналисттердин тилектештиги күнүн жѳн гана белгилебей, бул күн чыныгы майрамга айланса, ушул күнү чыгаан журналисттерге сыйлыктар тапшырылса деген ойлорун билдиришти.
Жыпар Акунова