Ош пресс-клубу

Аялзатына ак жоолук абдан жарашты

IMG_4969

IMG_4936

Бүгүн «Эмгек» партиясынын  Ош облустук жана Ош шаардык бөлүмү  аялдардын эл аралык майрамы менен  куттуктады. Оштогу Бабур атындагы  өзбек драмалык театрында  майрамга арналган  салтанатта  аталган  партиянын  Ош облустук жана Ош шаардык бөлүмүнүн  жетекчиси  Камалов  Эрлан  энелерди  майрамы менен куттуктап,  чың ден соолук, иштеринде ийгиликтерди каалады жана «Эмгек» партиясынын  активдүү мүчөлөрүнө  партиянын Ардак грамотасын  жана партияга кабыл алынган жаңы мүчөлөргө  партиянын  билеттерин  тапшырды. Майрамдык  салтанаттын катышуучуларын  көркөм талант  ээлери куттуктап, ыр, күү жаңырып, улан –кыздар бийлешип майрам шаңдуу  өттү.  Айымдарды партиянын жаштар канатынын мүчөлөрү дагы куттуктады. Майрамга  келген  энелерди, эжелерди, кыздарды  партиянын  облустук, шаардык бөлүмүнүн  мүчөлөрү  гүл сунуп куттуктап,  ар бир аялзатына ак жоолук  салышты.  Ак жоолук айымдарга абдан жарашты. Өзгөчө залдагы ар бир айым  ак жоолук салынып отурса айланаңды керемет курчап тургандай укмуш…Ак жоолукчан  энелер, эжелер, кыздар  сүрөткө түшүшүп, майрам  шаңына шаң кошуп, сыбызгыган ырга кошулуп  энелер  бийлеп да беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *